Экономист: ЕАЭБ Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусуна көмөк көрсөтүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Экономист Нургүл Акимова ЕАЭБ Өзбекстанга Кыргызстан жана башка уюмдун өлкөлөрү менен кызматташууга кантип көмөктөшүп жатканын айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөгө катышты.
Экономист Нургүл Акимова
"ЕАЭБде продукцияга тийиштүү талаптар бар. Ошондой эле уюмда Өзбекстан сыяктуу үчүнчү өлкөлөргө пошлина каралган. Кыргызстан биримдикке мүчө болгондуктан биргелешкен кооперация, долбоорлор өзбек ишкерлерине ЕАЭБдин рыногуна кирүүдөгү тоскоолдуктарды азайтууда", — деди эксперт.
Экономист салык, бажы алымдары жаатынан алганда, ЕАЭБ бирдиктүү экономикалык аймак болгондуктан Өзбекстандын бизнесмендери "Евразиялык агроэкспресс" долбоору аркылуу уюмдун 180 миллиондук рыногуна кире аларын белгиледи.
"Өзбекстандын ишкерлери ЕАЭБдин рыногуна кирип жатканынын айкын мисалы катары жакында эле Кыргызстанда ачылган автоунааларды чогултуучу заводду алсак болот. Кыргызстан уюмдун мүчөсү катары пошлина төлөбөйт. Эгерде завод Өзбекстанда ачылса бул алым төлөнмөк", — деп түшүндүрдү Акимова.
Кыргыз-өзбек заводунан чыккан автоунаалар канчадан сатылат. Баалар