Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму

Кыргызстан менен Азербайжандын башкы прокурорлору эки документке кол коюшту

Жолугушуу башкы прокурорлордун Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин 22-жыйыны жана Түрк мамлекеттеринин кеңешинин 3-отурумунун алкагында өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев жана анын азербайжандык кесиптеши Камран Алиев 2025-2026-жылдарга кызматташуу жөнүндө келишимге жана программага кол коюшту.
Жолугушуу башкы прокурорлордун Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин 22-жыйыны жана Түрк мамлекеттеринин кеңешинин 3-отурумунун алкагында өттү.
"Макулдашуу Кыргызстан менен Азербайжандын көзөмөл органдарынын ортосунда укук тартиби жана мыйзамдуулук жаатында алаканы бекемдөөгө багытталган. Документтер тажрыйба жана маалымат алмашуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле прокурордук иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт", — дешти Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан.
Асаналиев документтерге кол коюу мамилелердин жаңы этабын айгинелээрин белгиледи.
"Бул — укук тартибин бекемдөөгө, жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жалпы умтулуунун далили", — деди ал.
Азербайжандын башкы прокурору эки өлкөнүн көзөмөл органдарынын кызматташуусу майнаптуу болуп жатканына токтолду.
"Мамилебиз абдан жакшы, жемиштүү экенин айткым келет. Кандайдыр бир кылмыш иши боюнча жардам көрсөтүүдө көйгөйлөр болгону эсимде жок", — деп жыйынтыктады ал.
Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму
"Кызматташууну жанданталы". Башкы прокурор кытайлык кесиптеши менен жолукту