Оруп-жыюу иштерине канча комбайн даяр экени айтылды

Министрлик эгиндин бышканына ылайыктап комбайндарды аймактарга бирдей бөлүштүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Быйыл 1 миң 950 комбайндын ичинен 1 миң 453ү оруп-жыюу жумуштарына чыгууга даяр. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Министрлик эгиндин бышканына ылайыктап комбайндарды аймактарга бирдей бөлүштүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
"Учурда Чүй облусундагы оруп-жыюу өнөктүгүнө Ысык-Көл, Нарындан 94 комбайн келди. Ал эми өлкөнүн түштүк аймагында жалпы 400гө жакын комбайн оруп-жыюу иштерине чыгууда. Анын ичинен 100гө жакыны тоо этегиндеги дыйканчылык аймактарга жөнөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Мекеме быйыл бир комбайн 253,4 гектар дан эгин чабат деп эсептеп чыкканын белгилеген. Ошондой эле Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Суусамыр өрөөнүндө оруп-жыюу августта башталып, октябрь айында жыйынтыкталары кошумчаланган.
Жумасына 300 тонна. Айыл чарба товарларын учак менен Кытайга ташуу макулдашылды