Кыргызстанда 25-28-июль күндөрү күн катуу ысыйт

Мындай ысык аба ырайы учурунда жетиштүү суу ичип, ысык өткөрүп алуудан сактануу сунушталат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстанда 25-28-июль аралыгында күн катуу ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка караганда, абанын температурасы 40 градуска чейин жетет.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38 градус ысык болот.
Мындай ысык аба ырайы учурунда жетиштүү суу ичип, ысык өткөрүп алуудан сактануу сунушталат. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарып туруу зарыл.
Дарыгер күн ысыкта бут эмнеге шишип кетерин түшүндүрүп берди