"Демилгелерди колдойбуз". Касымалиев ЕЭК министри менен жолукту

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕАЭБдин өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо механизмин өркүндөтүү маселеси да талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен ЕЭКтин өнөр жай, агроөнөр жай комплекси боюнча коллегия мүчөсү Гоар Барсегян жолугуп, кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулады.
Өкмөттүн маалымат кызматы биринчи иретте өнөр жайдагы кооперацияны стимулдаштыруу үчүн ЕЭК инструменттерин колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болгонун билдирди.
Гоар Барсегян ЕЭКтин Кыргызстандын өндүрүш секторун жана агрардык экономикасын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин колдоого даяр экенин билдирген.
Касымалиев жергиликтүү продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн ЕАЭБ алкагында интеграциянын маанилүүлүгүнө токтолгон. Аагроөнөр жай комплекси тармагындагы кызматташуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуунун өзөгү болуп саналарын айткан.
Тараптар өндүрүштүк базаларды модернизациялоого жана инновациялык маалыматтык технологияларды киргизүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин да сүйлөшкөн.
Кыргызстан ЕАЭБге 18,8 миллион доллар инвестиция салган