БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. АКШнын Жашыруун кызматынын башчысы Кимберли Читл экс-президент Дональд Трампка болгон кол салуу боюнча катасын коомчулуктун алдында мойнуна алып, отставкага кетти. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Бул маалыматты көп өтпөй АКШ Конгрессинин көзөмөл комитетинен тастыкташты.
"Көзөмөл комитетиндеги угуу Читлди директорлук кызматтан кетүүсүнө алып келди, келечекте жоопкерчилик көбөйөт. Жашыруун кызматтын калпыс кадам таштабай турган миссиясы бар, бирок директор Читлдин башчылыгында бул система иштен чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.
Комитет аталган кол салууну жана Жашыруун кызматтын бул катасын текшерип, жыйынтык чыгарары айтылган. Анын кызматтан кеткени боюнча кабар жетекчи айым Өкүлдөр палатасындагы жыйында бир топ олуттуу сынга кабылгандан кийин тарады. Ал митинг учурунда талапкер Трампка жасалган кол салуу боюнча өткөн. Анда Читл отставкага кетпей тургандыгын, бул кызматта алда канча таржыйбасы бардыгын туюнткан. Бирок ал акырында кызматын өткөрүп берди.
Эске салсак,14-июлда республикачылардан АКШнын президенттигине талапкер болуп жаткан Дональд Трампка Пенсильвания штатында шайлоочулардын алдында сүйлөп жатканда https://sputnik.kg/20240714/aksh-donald-tramp-kol-saluu-1086997095.html кол салышкан. Ок кулагына тийип, кайтарып жүргөн кишилер аны иш-чарадан алып чыгып кетишкен. Саясатчынын өзүнүн айтымында, кансыраган. Медициналык текшерүдөн кийин оорукандан чыгарылган болчу.
Аткан кишини дароо жок кылышкан. 20 жаштагы ошол жердик Томас Мэтью Крукс аттуу адам терс оюн ишке ашыруу үчүн сахна жайгашкан жерден 100 метрдей аралыкта, имараттын чатырында отурган.
АКШдагы президенттик шайлоо 5-ноябрга белгиленген.