Радио

Бегилерова: жактоочуларга лицензия берүү Адвокаттар кеңешине жүктөлөт

Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова жактоочуларга лицензия берүү тартиби өзгөрөрүн айтты.
Sputnik
Дүйнө жүзүндөгү көпчүлүк мамлекеттерде адвокаттардын башын бириктирген мекеме көз карандысыз иш жүргүзөт. Укуктук өлкө болгон соң биз да ушуга жетишүүгө аракет кылышыбыз керек. Мындай пикирин Мейил Бегилерова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ушу тапта республикада лицензиясы бар үч миң адвокат реестрде катталуу.
"Учурда адвокаттарга лицензияны Юстиция министрлиги берет. Бирок дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бул милдет адвокаттар кеңешине жүктөлгөн. Биз да ошол тажрыйбага өтүүнү пландап жатабыз. Ал эки этап менен ишке ашат. Биринчи этапта документтерди кабыл алуу, текшерүү ушул жылдын августунан тартып кеңешке жүктөлөт. Кийинки этапта лицензия берүүнү же статус ыйгарууну өткөрүү керек. Ал үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Биздин орган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү түз сунуштай албайт. Андыктан бул кадамдарды Юстиция министрлиги менен биргеликте ишке ашырганы турабыз. Буга чейин беш жылдык юридикалык эмгек стажы бар жарандын бардыгы автоматтык түрдө адвокат боло алчу. 2019-жылдан тарта адвокаттардын өздөрүнүн кайрылуусу менен Конституциялык сот сынактан өтүү талабын киргизген. Ошентип атайын сынактан өткөн гана сот, прокурор же мурдагы милиция кызматкери адвокат боло ала турган эреже кирген. Эми заман талабына ылайык, жактоочулукту да өзүнчө кесип катары карап университеттен даярдай турган мезгил келип жетти. Адвокаттар кеңешинин мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши кесиптин беделин көтөрүүдөгү иштерде оң натыйжа берет", — деди Бегилерова.
Ал адвокатуранын ишмердүүлүгүн жакшыртууга Юстиция министрлиги өзү кызыкдар болуп көмөктөшүп жатканын кошумчалады.