25-июлга карата аба ырайы

25-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бейшембиде республиканын тоолуу жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +35…+40, Талас аймагында +33…+38, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35…+40, Ысык-Көл өрөөнүндө +25…+30, Нарын аймагында +22…+27 градуска чыгат.
Күндүн табы Бишкекте +36…+38, Ош шаарында +37…+39 градусту көрсөтсө, Чолпон-Атада +27…+29 градус болот.
Кыргызстанда 25-28-июль күндөрү күн катуу ысыйт