2026-жылдан тарта "Газпром Кыргызстан" өлкөгө берчү газдын көлөмүн көбөйтөт

Бүгүнкү күндө болжол менен жарым миллиард кубометр газ колдонулган, ал эми компания ишин адеп баштаганда болгону 200 млн. кубометр эле.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Жакынкы 15 жыл ичинде газ менен камсыздоо жана аны жетиштүү кылып таратууда Кыргызстанда көйгөй жаралбайт. 2026-жылдан тарта көгүлтүр отту арбын көлөмдө ташып келүү жана Бишкек ТЭЦин, ТЭЦ-2ни жана "Бишкек сельмаш" ТЭЦин да камсыздоо пландалууда. Бул туурасында "Газпром Кыргызстандын" директорунун экономика жана финансы иштери боюнча орун басары Арзымат Алдаяров айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинде борбордук жылытуудан чыгуу боюнча өткөн брифингге катышты. Анда бүгүнкү күндө болжол менен жарым миллиард кубометр газ колдонулганын, ал эми компания ишин адеп баштаганда болгону көлөм 200 млн. кубометрдин тегерегинде болгонуна токтолду.
Алдаяров жакында эле болгон Петербургда өткөн эл аралык экономикалык форумдун алкагында Кыргызстанга 2040-жылга чейин көгүлтүр от берип туруу боюнча узак мөөнөттүү келишимге кол коюлгандыгын эске салды.
Кол коюлган документтердин бири — "Газпром Кыргызстан" менен "Бишкек жылуулук энерго" жана "Электр станциялары" ишканаларынын ортосундагы макулдашуу. Анын алкагында калкты отун менен камсыздоо, Бишкек ТЭЦин, ТЭЦ-2ни жана "Бишкек сельмаш" ТЭЦин газдаштыруу каралган.
Вице-мэр: ТЭЦ газга өтсө жылуулуктун тарифи жогорулашы мүмкүн