Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?

Sputnik
Маданият министри өлкөдө айрым музыканттар жана өзгөчө педагог-музыканттар тартыштыгы бул жааттагы көйгөй болуп турганын жар салды. Эгемендүүлүк алгандан берки даярдалган кадрлар каякта, деген коомчулуктун суроосуна окуу системасындагы өзгөрүүлөр буга себеп болгонун билдирди. Базар экономикасына өтүүнүн шары менен, көрсө музыканттар деле толук кандуу өнөр ээси эмес, “менеджмент” деген термин алдында башкаруучулукту окуп калышкан экен. Мына ушундан жаралган педагог таңсыктыгын эми кыска убакытта кантип жойсо болот? Кадр даярдоодо биринчи эмнеге көңүл буруу керек? Эстетикалык билимдин өсүп келе жаткан муунга канчалык кереги бар?
Ушул жана башка соболдорубузга көп жылдык иш тажрыйбасы бар, педагогика илимдеринин кандидаты б.Бейшеналиева атындагы мамлекеттик маданият жана искусство университетинин проректору Кубатбек Жакыпов жооп берди.