Дүйнө коомчулугу БУУ актабаган тилекти БРИКСтен көрүп жатат. Экономисттен сереп

Sputnik
Дүйнө коомчулугунда соңку учурларда Бириккен Улуттар Уюму өз милдеттерин так аткара албай жатканы тууралуу пикирлер көбөйдү. Бул ошол эле пандемиядагы алешемдиктерден тарта, дүйнө коопсуздугундагы маселелерди камтыйт. Коомчулук ар бир өлкөнүн кызыкчылыгы сакталган, ошол эле учурда жалпы тартипке баш ийген, экономикалык туруктуулукту БРИКСтен күтүп жатканын дүйнөлүк серепчилер кеп кылышууда.Өзүнүн так стратегиялык планы бар, алдыга койгон максаттары ачык-айкын болгон БРИКС уюму БУУнун ордун баса алабы? Дүйнө мамлекеттери үчүн ири экономикалык аянтчага айланып бараткан биримдиктин келечеги кандай?
Улукман Мамытов саресеп салып көрдү.