УКМК "Айчүрөк" ЦУМдун жетекчисине кылмыш ишин козгоону токтотту

Буга чейин Маметов "мыйзамдагы ууру" Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн каржылоо фактылары аныкталганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. "Айчүрөк" соода борборунун ээси Анвар Маметов (Габбазов) тарабынан Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо токтотулду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Аталган башкармалык буга чейин "мыйзамдагы ууру" Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун Маметов каржылаганы боюнча айрым фактылар аныкталганын билдирген.
"2024-жылдын 16-июлунда ишкер Кыргызстанга келип тергөө органдары менен иштеше баштаган. Жыйынтыгында Маметовго карата мурда коюлган айыптар уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө жана каржылоосуна катышы жоктугунан алынып, сотко чейинки өндүрүш токтотулган", — деди атайын кызмат.
Ташиев Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы боюнча комментарий берди