Каршылашынын тополоңун тоз кыла турган айбаттуу "Тополь". Видео

"Тополь" ракеталык комплекси НАТОну өзөктүк жактан ооздуктап турган ишенимдүү аргументтердин бири болуп келди.
Sputnik
Советтер Союзунда бул айбаттуу куралды иштеп чыгуу 1976-жылы башталган. Плесецк космодромунда 1982-1988-жылдары жасалган жайкы сыноолордон үч жыл өткөндөн кийин аларды аскердик нөөмөткө кое башташты.
1987-жылдары "Тополь" мобилдик комплекстери менен пайда боло баштап, андан соң жаңыланган, жакшыртылган автоматташтырылган системадагы башкарууну орнотушкан. Айбаттуу бул техникалардын 1997-жылы ракеталарды учура турган системасы 386га жеткен. Кийинчерээк бул курал модернизацияланып, "Тополь-М" жана "Ярстар" пайда болду.