Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Москва Россия активдеринин кирешеси Украинага которулса катуу жооп берерин эскертти

Кремлде мындай уурулук аракеттер жоопсуз калбашы керек деп эсептешет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Россиянын тоңдурулган активдеринин кирешеси Украинага которулса жооп катуу болот. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз бир нече жолу катуу жооп болорун эскерткенбиз. Мекеме аралык форматта ар бир пункт боюнча чечимдер кабыл алынат. Улуттук кызыкчылыктын негизинде көрүлгөн чаралар аларга чечимдин кесепетин сездирет", — деген Захарова брифингде.
Мындан тышкары, президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Евробиримдикти Россиянын чет өлкөдөгү тоңдурулган активдеринин кирешесин Украинага курал сатып алуу үчүн берүү чечимине жооп болорун эскерткен.
"Албетте, жообу болот, мындай уурулук аракеттер жоопсуз калбайт", — деген Песков журналисттерге.
Буга чейин Европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель Россиянын тоңдурулган активдеринин кирешесинен 1,4 миллиард евро Киевге аскердик жардамдын биринчи траншы катары августтун башында жөнөтүлөрүн билдирген.
ЭВФ Россиянын тоңдурулган каражатын колдонуунун кооптуулугун кайрадан эскертти