Пресс-борбор

Россия Кыргызстанга суунун тартыштыгын чечүүдө үч багытта жардам берип жатат

Элчиликтин өкүлү РФ аймактын суу-энергетика тармагын өнүктүрүүгө активдүү катышарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин экинчи катчысы Максим Петров Россия Кыргызстанга суунун тартыштыгы боюнча көйгөйлөрдү чечүүдө кандай жардам берип жатканын айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн "Борбор Азиядагы суу-энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү кантип чечүү керек?" аттуу видеоконференцияга катышты.
Петровдун айтымында, Россия Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүшүнө кызыкдар жана Москва алар менен стратегиялык өнөктөштүк мамилени түзүүдө. РФ аймактын суу-энергетика тармагын өнүктүрүүгө активдүү катышат.
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин экинчи катчысы Максим Петров
Дипломат иш үч багытта жүрүп жатканын билдирди.
1. Эл аралык уюмдар аркылуу донордук жардам
Россия өзүнүн өкмөтү жана Аралды куткаруу эл аралык фондунун ортосунда "2032-жылга чейин донордук жана техникалык жардам көрсөтүүнүн принциптери" аттуу протоколдун долбоорун даярдады. Макулдашууга ылайык, долбоорлорго Кыргызстандын катышуусу каралган.
Москва республиканын аймактарын суу менен камсыздоо жана ирригациялык тармактарды реабилитациялоо боюнча жергиликтүү долбоорлорду каржылайт.
2. Электр энергиясы
Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли түшүп кетпеши үчүн жана Кыргызстандагы электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу максатында 2022-жылдын апрель айынан тарта Россия Кыргызстанга электр энергиясын бере баштаган.
3. ГЭСтерди куруу
Нарын облусунда кубаттуулугу 100 мегаватт болгон Куланак ГЭСи курулду. Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги гидроагрегатты алмаштырууга 110 миллион доллар бөлүнгөн. Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 300 мегаваттка чейинки күн электр станциясы, аз кубаттуу атомдук электр станциясы, ГЭСтер, күн жана шамал электр станциялары курулууда.
"ЕАЭБге мүчө болуу Москва менен Бишкектин ортосундагы мамилелерде чечүүчү ролду ойнойт", — деди Петров.
Пресс-борбор
Эксперт: Борбор Азияда суу тартыштыгы боюнча көйгөй чоң