Радио

"Мурда ишиң эмне дешчү, азыр көз караш өзгөрдү". Өрт өчүрүүчү дыйкан тууралуу

Сокулук району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы Нурлан Мудинов коопсуздук эрежелерине эл азыр көбүрөк көңүл бөлө баштаганын айтты.
Sputnik
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Сокулук районунда дыйкандарга өрт коопсуздугуна байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Нурлан Мудинов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында дыйкандардын баары талаада болгондуктан адистер азыр айдоо аянттарын кыдырып жүрөт.
"Мурда колхоз-совхоз учурунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү оңой болчу. Дыйкандарды колхоздун гаражына чогултуп эле ошол жерден керектүү маалыматтарды айтып берип коёт эле. Азыр андай жерге чогулта албайбыз. Өзүбүз эгин талааларына чыгып, кыдырып, дыйкандар кайсы жерде болсо, ошол жерге барып, түшүндүрүп айтып беребиз. Мурда, 10 жылдай илгери "биздин ишке кийлигишип жатасын, ишиң эмне?" дегендей мамиле кылгандар бар эле. Азыр дыйкандардын түшүнүгү өзгөрүп калды. Айтсаң, "өзүбүз үчүн керек турбайбы", "өрттөн биздин жайыт зыян тартат экен" деп туура кабыл алып калышты. Өрт чыкса азыр интернет аркылуу эле бири-бирине кабарлап, "карап отурбайлы, чыгалы" деп чогула калышууда. Көпчүлүк деген көпчүлүк да, өрт жайылып кетишине жол бербей ири кырсыктарды алдын алууга көмөктөшүп жатышат", — деди Мудинов.
Ошондой эле ал жайында тамекинин чогунан деле жалындаган өрт чыгып кетүүсү мүмкүндүгүн белгилеп, өтө сак болуу зарылдыгын кошумчалады.