Радио

МИК курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн сапатына кепилдик берет

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) маалымат катчысы Жылдыз Бекбаева курулуп жаткан ипотекалык объектилердеги курулуш материалдары лабораториялык текшерүүдөн өтүп, сапатына дыкат көңүл буруларын айтты.
Sputnik
МИК курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн сапатына кепилдик берет. Ар жума сайын атайын топ иш процессин көзөмөлдөп, орнотулган камералар аркылуу да күнү-түнү байкоо жүргүзүп турат. Бул тууралуу Жылдыз Бекбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ипотекалык турак жайлардын курулушунун темпи план боюнча жүрүп, белгиленген мөөнөттө бүтөт.
"Учурда республиканын көпчүлүк аймактарында калкты арзан турак жай менен камсыздоо максатында "Менин үйүм — 2021-2026" программасынын алкагында ипотекалык үйлөр курулуп жатат. Курулуш темпи план боюнча жүрүп, белгиленген мөөнөттө бүтөт. МИК курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн сапатына кепилдик берет. Анткени ар жума сайын атайын топ иш процессин көзөмөлдөп, орнотулган камералар аркылуу да күнү-түнү байкоо жургүзөт. МИКтин курулуш бөлүмү, Мамлекеттик курулуш департаменти, президенттин иш башкаруучусу жана өлкө башчы өзү да көзөмөлгө алып турат. Объектилердеги курулуш материалдары лабораториялык текшерүүдөн өтүп, сапатына дыкат көңүл бурулат. Мындан тышкары, коопсуздук өзгөчө каралып, бардык шарттар түзүлөт", — деди Бекбаева.
Ошондой эле ал турак жай комплекстери тургундардын ыңгайлуулугу үчүн бардык инфраструктуралык маселелерди чечип берерин кошумчалады.