"Талас сүт" ишканасынын продукциясы Россия менен Казакстанга экспорттолот

Айыл чарба министрлиги Таластагы сүттү экспорттогон ишкана модернизацияга муктаж экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. "Талас сүт" ишканасынын продукциясы Россия менен Казакстанга экспорттолот. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматта аталган ишкана заман талабына ылайык реконструкциялоо жана модернизациялоого муктаж экени айтылган.
"Ишкананын жайкы сезондо суткалык кубаттуулугу 30-40 тоннаны түзөт. Адистердин, кызматкерлердин жана жумушчулардын саны 70ке жакын. Учурдагы болгон өндүрүш кубаттуулугу 60 пайызга араң жетет. Сүт продукциясынын (каймак май жана кургак сүт) 80-85 пайызы облустун жана Бишкек шаарынын ички рыногун камтыса, калган 15-20 пайызы Россия менен Казакстанга экспортко жөнөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Ишканага 40 айылдан 1500дөн ашык фермер сүт тапшырары, ал үчүн чогултуучу 3 стационардык пункт бар экени кошумчаланган.
Өлкөдө өндүрүлгөн эт, сүт жана жумуртканын көлөмү өстү