ӨКМ Арстанбапты каптаган селдин кесепеттерин айтты

Жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн жакынкы райондордон куткаруучулар тартылганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Базар-Коргондун Арстанбап айылын каптаган сел 23 автоунааны агызып кетти. Бул тууралу ӨКМ билдирди.
Мындан тышкары, эки турак жайды, оорукананы, соода үйүн, беш көпүрөнү, бир чакырым ички чарбалык жолду суу каптаган.

“Жерине Арстанбап айыл аймагынан төрт экскаватор, эки жүктөгүч, бир самосвал, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак райондорунан жана Жалал-Абад шаарынан жалпы 77 куткаруучу, 7 мотопомпа тартылды”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында нөшөрлүү жамгырдан улам колоттордон агып келген суу айылды каптаган.
Бишкек мэри сел жүрүшү мүмкүн делген жерлерди текшерип чыкты. Видео