Айыл чарбаны жакшыртууга багытталган жарлык. Урунттуу жерлери

Агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максаты коюлганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Анда агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында токтом кылынган.

Документтеги урунттуу учурлар

Министрлер кабинети төмөнкү чараларды иштеп чыксын:
фермерлерге кооператив же чарбанын башка формаларына ыктыярдуу бириктирүүгө дем берүү;
айыл чарбага жеңилдетилген кредит берүүнү өркүндөтүү жана жөнөкөйлөтүү, мамлекеттик банктарда долбоордук каржылоо системасын киргизүү;
жайыт жерлерди жакшыртуу;
2030-жылга чейин айыл чарба тармагына чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүн үч эсеге көбөйтүү, биологиялык, органикалык жер семирткичтерди жана пестициддерди колдонууну жана органикалык өндүрүш үчүн аянттарды үч эсеге көбөйтүү, мамлекеттик бюджеттин эсебинен бакчадагы балдардын, мектеп окуучуларынын жана аскер кызматчыларынын тамак-аш рационуна киргизүү үчүн сертификацияланган жергиликтүү органикалык продукцияны гана мамлекеттик сатып алууга өтүү;
региондордо машина-трактордук 40 станция түзүү;
айыл чарба тармагына технологияларды, инновацияларды жана башка жаңылыктарды киргизүү, айыл чарба продукцияларын сатууга, экспортоого шарт түзүп, көмөк берүүгө, тамак-аш коопсуздугун жакшыртууга багытталган чаралар камтылган.
Министрлер кабинетине төмөнкүлөргө шарт түзүп берүү милдети жүктөлгөн:
ири жер пайдалануучуларга (100 гектар жана андан жогору) өз фермаларын куруу мүмкүнчүлүгүн берүүгө;
2030-жылга карата айыл чарба продукциясынын экспортун эки эсе көбөйтүүгө;
2040-жылга карата айыл чарба продукциясын 50 пайыздан кем эмес кайра иштетүүгө жетишүүгө.
"Талас сүт" ишканасынын продукциясы Россия менен Казакстанга экспорттолот