Спорт залдарда майыптар үчүн машыгууга шарт түзүү милдеттендирилди

Мыйзамдын максаты — ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге спорт менен машыгууга шарт түзүүнү караган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеш тарабынан 26-июнда кабыл алынган.
Анын максаты — ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо. Мыйзамга ылайык, эгерде медициналык чектөө жок болсо майыптарга дене тарбия жана спорт жаатында кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга тыюу салынат. Ошондой эле дене тарбия-спорт уюмдарын менчигине карабастан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү бештен кем эмес адамга машыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттендирилген.
Мындан тышкары зал, комплекс, бассейн жана башка спорттук инфратүзүм курууда же реконструкциялоодо майыптарга шарт түзүү зарылдыгы белгиленген.
Айыл чарбаны жакшыртууга багытталган жарлык. Урунттуу жерлери