Фирма, компания ачканда аталышына диний сөздөрдү колдонууга тыюу салынды

Мыйзамдын максаты фирмалык аталышта диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди жана аныктамаларды пайдаланууга тыюу салуу экени белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Юридикалык жактардын фирмалык аталышында диний сөздөрдү колдонууга тыюу салынды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Максаты фирмалык аталышта диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди жана аныктамаларды пайдаланууга тыюу салуу экени белгиленген.
Ал үчүн Жарандык кодекстин 89-беренесинин 1-бөлүгү "уставында пайда алуу негизги максат катары коюлбаган диний коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында каралган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактардын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди, аныктамаларды колдонууга жол берилбейт" деген ченем менен толукталмакчы.
Ал эми диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин, аныктамалардын тизмеги жана аларды пайдалануу тартиби министрлер кабинети тарабынан бекитилет.
Парламентте диний аталыштагы кооперативдердин ишине тыюу салуу сунушталды