Оштун борбордук аянтында жыл соңуна чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Мындай чечим тынчтыкты, коопсуздукту камсыздоо боюнча жарандардын кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтында жыл соңуна чейин митинг жана акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэриянын тиешелүү токтому 28-июндагы Ош шаардык сотунун чечиминин негизинде иштелип чыккан.
"Чектөө 31-декабрга чейин киргизилди. Чечим шаардыктардын борбордук көчөлөрдө тынчтыкты, коопсуздукту камсыздоо боюнча кайрылуусунун негизинде кабыл алынган. Ошондой эле бир катар көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жаткандыктан борбордук көчөлөрдө транспорттун агымы көбөйгөнү эске алынган", — деп айтылат маалыматта.
Тыюу мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга жайылтылбайт. Акцияларды Ататүрк сейил багында өткөрүүгө болот.
Эске салсак, 2023-жылы Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынып, ал улам узартылып отуруп, акыркысында 30-сентябрга чейин чектөө киргизилген. https://sputnik.kg/20240703/bishek-miting-tyyuu-1086625677.html
Бангладештеги башаламандыкта кеминде 105 адам көз жумду. Видео