Бишкек мэриясы жол тыгыны менен күрөшүүнүн радикалдуу жолун сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы жол тыгындары менен күрөшүү үчүн бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту.
Муниципалитет белгилегендей, 1-июнга карата Бишкекте 416 миң 837 автоунаа катталган. Аймактардан келгендерин кошо санаганда 600 миңден ашат. Ал эми шаардын жолдору 350 миң автокөлүк жүрүүгө ылайыкталган. Мындан улам борбор калаанын жолунда алар дээрлик эки эсеге көп болууда.
"Айдоочулардын 52 пайыздан ашыгы автоунаада жалгыз, 33 пайызы бир, 10 пайызы эки киши менен каттайт. Үч же андан көп жүргүнчү менен болгону 3,2 пайыз айдоочу жүрөт. Башкача айтканда, автокөлүктөрдүн 85 пайызы шаар жолдорунда жарым-жартылай бош жүрөт. Бул тыгындардын пайда болушуна шарт түзөт", — деп айтылат мыйзам долбоордун негиздемесинде.
Мындан улам республикалык маанидеги шаарлардын жолдорунда номери боюнча белгиленген күнү автоунаа кыймылын чектөө киргизүү сунушталууда.
Ага ылайык:
дүйшөмбүдө — 1 жана 2 саны менен аяктаган номерлүү автоунаалар шаарда жолго чыга албайт;
шейшембиде — 3 жана 4 саны менен аяктагандар;
шаршембиде — 5 жана 6 саны менен аяктагандар;
бейшембиде — 7 жана 8 саны менен аяктагандар;
жумада — 0 жана 9 саны менен аяктаган автокөлүктөр шаарда жолго чыга албайт.
Чектөө ишемби, жекшемби жана майрам күндөрдү кошпогондо 7:00дөн 21:00гө чейин колдонулат. Бул чара жолдордогу автокөлүктөрдү 20 пайызга азайтары божомолдонууда. Ошондой эле чектөө атайын нөөмөтчү жана коомдук транспортко жайылтылбайт.
Чектөөнү сактабагандарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып каралган.
Мындан тышкары, аталган мыйзам долбоору менен транспорт токтотуучу жайларга акысын төлөбөгөндөргө 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салуу сунушталууда.
Бишкек мэри шаардан троллейбустар толугу менен алынарын айтты