"Аккула" ат майданын ала турган эки компаниянын жердин ордуна эмне берери айтылды

"Аккула" ат майданы буга чейин эки жолу аукционго коюлуп, бирок кардар чыккан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Аккула" ат майданын түз сатуу боюнча токтом долбоорун шаардык кеңештин кароосуна киргизди. Документ шаардык кеңештин расмий сайтына жайгаштырылды.
Ага ылайык, шаардык кеңеш "Аккула" ат майданын 53,61 гектар жери менен кошо ROX Group жана TNG Global Foundation компанияларынын сатып алуу сунушун колдоого алган. Ал эми ишканалар бул жерди алып жатканы үчүн калаанын башка аймактарына мектеп, жол, сейил бак, унаа токтотуучу жайларды куруп берет. Эгерде компания бул сунуштардан баш тартса, анда башка кызыкдар тараптарга сатуу каралат.
Демилге коомдук талкууга чыгарылбайт. Анткени эч кандай экономикалык, укуктук, экологиялык, коррупциялык тобокелдиктерди жаратпай турганы белгиленди.
Эске салсак, "Аккула" ат майданы буга чейин эки жолу аукционго коюлуп, бирок кардар чыккан эмес. Ат майдандын аянты 45,73 гектарды түзөт. Объектинин баштапкы баасы 8 миллиард 731 миллион 917 миң сом (97 млн. доллардын тегереги) деп бааланган.
Соцобъект куруу үчүн менчик жердин категориясын которууга уруксат берилди