Жумасына 300 тонна. Айыл чарба товарларын учак менен Кытайга ташуу макулдашылды

Айыл чарба министрлигинде Turkish Airlines авиакомпаниясынын жана түрк элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Айыл чарба товарлары Кытайга Turkish Airlines авиакомпаниясынын учактары менен ташылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрликте компаниянын жана түрк элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болгон. Анда Бишкектен Шанхайга (Кытай) чейин айыл чарба товарларын ташуу боюнча макулдашууга кол коюлган.
Келишим боюнча, түрк авиакомпаниясы жумасына 300 тоннага чейин айыл чарба продукциясын ташыйт. Ал эми баасы килограммына 6-7 доллардан 1-1,5 долларга төмөндөтүлгөн.
"Бул макулдашуу өндүрүүчүлөрдү жана экспортчуларды айыл чарбасын активдүү өнүктүрүүгө жана потенциалын жогорулатууга чоң салым кошот", — деп айтылат маалыматта.
Суроолор боюнча 0312 623 722 жана +996 999 766 655 номерлери аркылуу кайрылса болору кошумчаланды.
Радио
Кыргызстан Кытайга эт экспорттоону пландап жатат