Радио

Макиева: эмчек рагына күйөөсүз аялдар көбүрөөк чалдыгат

Онколог, маммолог, онкопластикалык хирург, медицина илимдеринин доктору Кыял Макиева гормондордун бузулушуна жана эмчек рагынын пайда болушуна бир канча себеп бар экенин айтты.
Sputnik
Аялдар көкүрөк рагынын залалдуу шишиктерин алдын алууда жылына бир жолу текшерүүдөн өтүп туруусу керек. Бул тууралуу Кыял Макиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эмчек рагы жыл сайын 800дөй аялдан аныкталат.
"Көкүрөк бездеринин залалдуу шишиктери бир эле фактордон пайда болбойт. Бир канча себептердин негизинде өрчүйт. Аны текшерүүдөн өткөндө аныктайбыз. Жолдошу барбы, бала эмизеби, аборт кылдырганбы, баарын карап чыгабыз. Статистикага караганда, күйөөсү жоктор, баласын эмизбегендер же 10дон ашык бала төрөгөндөр ооруйт. Азыркы кыздар турмушка чыгып, бала төрөп, бирок өзүн-өзү карап, акча тапкысы келет. Бул учурда баланы эмизбей коюшу мүмкүн. Ошол кезде гармондор бузулуп көкүрөк рагына кептелиши ыктымал. Бойго бүткөндө эмчек да сүт чыгарууга даярданып баштайт. Аборт кылган мезгилде бул процесс бир күндө токтоп, көкүрөктө кичинекей шишикчелер пайда болот. Ал билинбей өсө берет. Кийин көкүрөк рагынын залалдуу шишигине өтүшү мүмкүн. Ошондуктан бойдон алдырткандан 2-3 айдан кийин маммологго тершерилип коюш керек. Мындан тышкары, эмчек бир нерсеге урунуп калганда, тагыраагы, чочутуп алганда сөзсүз бир жылдай дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу абзел. Анткени ошол учурда эч нерсе аныкталбаса да, кийин өрчүшү мүмкүн. Көкүрөк рагы тукум дагы кууйт. Көбүнчө жаш кыздарда кездешкенинин себеби ушул. Алар үч же алты айда бир текшерүүдөн өтүп турушу керек. Бизде деле чет өлкөдөгүдөй жогорку деңгээлдеги тажрыйбалуу адистер бар", — деди Макиева.
Ал ошондой эле көкүрөк бездеринин залалдуу шишиктерин аныктоо үчүн ар бир аймакта УЗИ жетиштүү экенин кошумчалады.