Пресс-борбор

Эксперт: Борбор Азияда суу тартыштыгы боюнча көйгөй чоң

Эксперт региондо суу тартыштыгын чечүүнүн бир гана жолу — биргелешип үнөмдүү, натыйжалуу колдонуу экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Россия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Станислав Притчин Борбор Азияда суу тартыштыгы боюнча көйгөй чоң экенин билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Борбор Азиянын суу-энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү кантип чечүү керек?" деген иш-чарага катышкан.
Россия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Станислав Притчин
Притчиндин айтымында, аймакта суу ресурстары азайып, бул багытта өлкөлөрдүн кызматташуусу татаал болууда.
Эксперт белгилегендей, региондогу ирригациялык системалар орто эсеп менен 50 жылдан бери иштеп, эскилиги жеткен. Буга утурлай сугат сууну сарамжалдоочу технологиялар колдонулбай, натыйжасыз пайдаланылгандыктан Борбор Азияда суу тартыштыгы жаралууда. Ошондой эле ал каналдар бекемделбегендиктен суу коромжу болуп жатканын айтышты.
"Демографиялык процессти токтотуу мүмкүн эмес. Мисалы, Борбор Азияны толук камтыган Арал деңизинин бассейнинде 80 миллиондой адам жашайт. Сууга болгон муктаждык өсүүдө, ал эми суу ресурстарын пайда кылуучу мүмкүнчүлүктөр жок. Бир гана жолу — биргелешип рационалдуу, натыйжалуу колдонуу. Буга региондогу суу колдонуу процесстерине институционалдык деңгээлде аралашып жүргөн Россияны кошуу зарыл", — деди эксперт.
Ошондой эле ал жаңы ГЭСтердин курулушу менен дагы бир чакырык пайда болорун, анткени плотинаны толтурганда суунун ылдый жагында тартыштык жараларын кошумчалаган.
Радио
Борбор Азияда суу маселесин чечүүдө бирдиктүү келишим түзүү мүмкүн эмес