Мэрия Бишкекке кирген башка шаарлардын унааларынан акча алууну сунуштады

Эгер жарандын каттоосу Бишкекте болгону менен атындагы унаасынын номери башка шаардыкы болсо, анда кайра каттоого 10 күн убакыт берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы башка шаарларда каттоого турган машиналардан борбор калаага киргенде каражат чогултууну сунуштады. Токтом долбоору коомдук талкууга чыкты.
Документке ылайык, баалар унаанын үлгүсү, мамлекеттик номери жана салмагына жараша аныкталат.
Айдоочулар канча төлөшү керек:
сегизге жетпеген орундуу унаалар 50 сом (башка шаарда катталган) жана 200 сом (чет элдик) төлөшөт;
сегизден ашык орундуу, бирок салмагы беш тоннадан ашпаган унаалар - 100/1000 сом;
салмагы 3,5 тоннадан ашпаган жүк ташуучу унаалар жана тракторлор - 100/1000 сом;
сегизден ашык орундуу жана беш тоннадан ашык салмактагы транспорт каражаттары - 150/1500 сом;
жүк ташуучу унаалар, тракторлор, комбайндар салмагына жана категорияларына жараша - 150/1500 сомдон 300/5000 сомго чейин.
Айдоочулар алдын ала 100 миң сом төлөсө, анда 30 пайыздык жеңилдик каралган.
Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу аракеттери жүрүп жаткан аймактарга жүк ташыган унаалар, дипломаттар, консулдуктар, эл аралык уюмдар, атайын унаалар (патрулдук, тез жардам, өрт өчүрүү кызматы ж.б.) төлөмдөрдөн бошотулат. Долбоор бекитилсе борбордун кире беришинде каражат чогултуу пунктулары уюштурулат.
Эгер жарандын каттоосу Бишкекте болгону менен атындагы унаасынын номери башка шаардыкы болсо, анда кайра каттоого 10 күн убакыт берилет.
Буга чейин мэрия мамлекеттик номердин акыркы сандарына жараша белгилүү күндөрү автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизүүнү сунуштаган.
Мэрия Бишкектеги башкы жолдор качан жасалып бүтөрүн айтты