Бишкекте кара тумоо боюнча россиялык даректүү тасма көрсөтүлөт

Фильмде кара тумоо эпидемиясына каршы жан аябай күрөшкөн советтик окумуштуулар жөнүндө баяндалат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бишкекте россиялык режиссер Елена Туринцеванын "Чума во время любви" аттуу даректүү тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.
Тасмада 1942-жыл чагылдырылган. Монголияда кара тумоо эпидемиясы башталат. Аны менен күрөшүү үчүн советтик адистердин отряды жиберилет. Алардын далайы ошол жактан сүйүп, үйлөнүп, балалуу болушат.
Окумуштуу Петр Тарасов кара тумоо оорусунун активдүү очокторун аныктоонун өзгөчө ыкмасын иштеп чыга баштайт. 1950-жылы жубайы менен Пржевальск (азыркы Каракол) шаарына көчүп келип, кара тумоого каршы станциянын зоология бөлүмүнүн башчысы болуп Тянь-Шань тоолорунда иштеп калган. Арадан 70 жыл өткөндөн кийин алардын балдары улгайган курактарында ата-энесинин жолун жолдоп Монголия менен Кыргызстанга сапарга аттанышат.
Тасма бүткөндөн кийин Караколго атасынын мүрзөсүнө зыярат кылуу үчүн келген Тарасовдун кыздарынын катышуусунда талкуу жүргүзүү пландалууда.
Катышуу үчүн шилтеме аркылуу катталуу керек.
Тасма 24-июлда саат 16:30да Русский домдо (Эркиндик проспекти, №2/1) көрсөтүлөт.
Таласта дүйнөлүк деңгээлдеги орус музыкасынын аткаруучулары конокто болду