24-июлга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Шаршембиде республиканын тоолуу жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Синоптиктер 24-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымалдыгын эскертишти.
Абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Талас аймагында +30…+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33…+38, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +25…+30 градуска чыгат.
Күндүн табы Бишкекте +35…+37, Ош шаарында +36…+38 градусту көрсөтсө, Чолпон-Атада +25…+27 градус болот.
Шашылыш билдирүү! Сел жүрүшү ыктымал