Эсте калган 22-июль, Москванын асманы. Тарыхый видео

22-июлда Москва асманын коргоочулар күнү белгиленет, 1941-жылы бул күнү нацисттердин борборго жасаган алгачкы массалык чабуулун ийгиликтүү кайтарууга арналган.
Sputnik
Гитлерчилердин бомбалоо жеңил болот деп ойлогону ордунан чыккан эмес. Советтик борборго жакындаганда аларды көптөгөн "окуялар": аэростаттар, түнкү истребителдер, зениттик аткылоо жана биринчи радар системасы күтүп турган.
Шалаакылыгы немистерге оңойго турган жок. Советтик истребителдердин эпкининде калгандар талкаланды, ал эми бомбалагычтар аэростаттарга туш болушту.
Иосиф Сталин аба чабуулдун мизин кайтарууга катышкан бардык адамдарга ыраазычылык билдирди. 81 коргоочу мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланып, өзгөчө айырмаланган бешөө Ленин орденин алышкан.
Бул өзгөчө окуяны унутта калтырбай белгилөө идеясы СССРдин эл артисти Юрий Никулинге таандык. Ал согуш жылдарында Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн сержант болгон.