Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Украинанын айынан Россия менен согушууга АКШнын чама-чаркы чак

АКШнын дагы, НАТОнун дагы Россия менен согушууга чама-чаркы чектелүү экенин белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Украинанын айынан Россия менен АКШнын ортосунда согуш чыгып кетсе кесепети оор болот. Бул тууралуу Fox News жазганын РИА Новости агенттиги кабарлады.
"АКШ Украина алдында улам жаңы милдеттерди алган сайын Россия менен согушуу ыктымалдуулугуна жакындап бара жатат. Бул согуш өтө оор кесепеттерге кептейт", — деп жазылат маалыматта.
Анда Украинадагыдай эле Пентагондо да бул согушта жеңүү үчүн туруштук бере ала турган аскердик стратегиясы жок экендиги белгиленген.
"АКШнын дагы, НАТОнун дагы Россия менен согушууга өнөр жай потенциалы жетишсиз. Бул эми бир эле учурда эки фронтто, Россия менен дагы, Кытай менен дагы согушууну айтпаганда", — деп жазылган макалада.
Мындан тышкары, Москва Россия Батыштагы эч бир өлкөгө эч кандай коркунуч жаратпаганын, алдыда да жаратпай турганын, ал эми Украинада өзүнүн кызыкчылыгын коргоп жатканын айтып келери белгиленген.
Владимир Путин журналист Такер Карлсон менен курган маегинде белгилегендей, батыш саясатчылары өз элинин көңүлүн ички көйгөйлөрдөн башкага буруу үчүн Россия тараптан коркунуч болушу мүмкүн деп айтып келишет. РФ президенти Москванын НАТО өлкөлөрүнө кол салуу ниети жоктугун, буга эч зарылдык да жок экенин кенен түшүндүрүп берген.
АКШда өзөктүк куралдардын кору боюнча маалыматтарды ачыкташты