Ош шаарындагы борбордук базар эки айдан кийин көчүрүлмөй болду

Мэриянын маалыматына караганда, жаңы базар Бекмамат Осмонов көчөсүндөгү жети гектарлык аянтта жайгашкан. Ал жакка автобустардын каттамы ачылып, парковкалар, соода орундары уюштурулат. Мунун баары акысыз болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы борбордук базар эки айдан кийин башка жерге көчүрүлмөй болду. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Эске салсак, кечээ Ошто соодагерлер нааразылык акциясына чыгып, бийликтен борбордук базарды көчүрүүнүн мөөнөтүн узартып берүүнү талап кылышкан. Алар август айында окууга карата соода жакшы болорун айтып, 1-2 ай учурдагы жерде иштеп алууну суранышкан.
1 / 3

Ош шаарындагы борбордук базар эки айдан кийин башка жерге көчүрүлмөй болду

2 / 3

Эске салсак, кечээ Ошто соодагерлер нааразылык акциясына чыгып, бийликтен борбордук базарды көчүрүүнүн мөөнөтүн узартып берүүнү талап кылышкан

3 / 3

Алар август айында окууга карата соода жакшы болорун айтып, 1-2 ай учурдагы жерде иштеп алууну суранышкан

Бүгүн мэр Бакытбек Жетигенов соодагерлер менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Натыйжада төмөнкүдөй чечимге келишкен:
соодагерлер борбордук базарда эки ай иштейт;
банктагы кредиттердин мөөнөтүн жылдырууга жардам берилет;
ипотекалык турак жай алуу үчүн кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт;
кайрадан сел каптабашы үчүн Ак-Буура дарыясына салынган мыйзамсыз көпүрөлөрдүн баары алынат.
Мэриянын маалыматына караганда, жаңы базар Бекмамат Осмонов көчөсүндөгү жети гектарлык аянтта жайгашкан. Ал жакка автобустардын каттамы ачылып, парковкалар, соода орундары уюштурулат. Мунун баары акысыз болмокчу. Соодагерлер эки айга салыктардан бошотулары белгиленди.
Ош шаарындагы борбордук базар Жапалак айылына көчүрүлмөкчү