Радио

Адис Кыргызстан туризм тармагында эмнелерге басым жасаса болорун айтып берди

Туризм академиясынын туризм кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты Нургүл Жапарова Кыргызстан туризмдеги дүйнөлүк жаңы тенденцияларды эске алып, мейманкана ишинде кызмат көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурушу керектигин айтты.
Sputnik
Бүгүнкү күндө мейманкана бизнесинде жашыл технологиялардын орду эбегейсиз. Бул жагынан Кыргызстан туура чечимдерди кабыл алып, Орто Азияда өзгөчөлөнсө болорун Нургүл Жапарова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мейманкана ишинде энергияны натыйжалуу колдонгон технологияларды пайдаланып, айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген ишканалардын рейтинги өсүп, суроо-талап жогорулап жатат.
"Туризмде мейманкана иши негизги ролду ойнойт. Өлкөнүн туризмдин мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүдө комплекстүү иштер жасалышы керек. Кадр маселесинен баштап инфраструктурага чейин көп өзгөрүүлөр болушу кажет. Бүгүнкү күндө мейманкана бизнесинде жашыл технологиялардын орду эбегейсиз. Бул жагынан Кыргызстан туура чечимдерди кабыл алып, Орто Азияда өзгөчөлөнсө болот. Себеби мейманкана ишинде энергияны натыйжалуу колдонгон технологияларды пайдаланып, айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген ишканалардын рейтинги өсүп, суроо-талап жогорулап жатат. Мындан тышкары, туризмдеги дүйнөлүк жаңы тенденцияларды эске алып, мейманкана ишинде кызмат көрсөтүүгө көңүл буруу керек. Туризмди креативдүү экономиканын негизи кылсак да болот. Албетте, жаңы идеялар зарыл", — деди Жапарова.
Ошондой эле ал өлкөдө беш жылдыздуу отелдер көбөйсө айланасындагы инфраструктура, кызмат көрсөтүү да ошого шайкеш келип, меймандарды кабыл алуу сапаты жакшырарын кошумчалады.