Кыргызстандык окуучу Англиядагы математика боюнча олимпиададан 1-орунду алды

Мелдешке 108 мамлекеттин өкүлдөрү катышып, Кыргызстандын окуучулары командалык эсеп боюнча 29-орунду ээлешти.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Улуу Британияда өткөн Эл аралык математикалык олимпиадада (IMO) кыргызстандык мектеп окуучулары бир алтын, үч күмүш медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Жыйынтык:
Назар Кыргызбаев (№ 61 гимназия) — алтын медаль;
Ян Бобрус ("Газпром Кыргызстан" мектеби) — күмүш медаль;
Эльдар Искандеров (UWIS) — күмүш медаль;
Искен Кенжебаев ("Сапат") — күмүш медаль;
Нурсултан Эшперов ("Газпром Кыргызстан") — Ардак грамота;
Султан Мусаходжаев (№ 70 мектеп-гиназия) — Ардак грамота.
"Командалык эсепте Кыргызстан 108 өлкөнүн ичинен 29-орунду ээледи. Балдар биринчи жолу 100дөн ашык упай топтоп, былтыркы рекордду жаңыртты", — деди министрлик.
Радио
Асан кызы: мугалимдик кесиптин кадырын көтөрүү аракети көрүлүүдө