Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы Көгарт чакан ГЭСин ишке киргизди. Сүрөт

Мамлекет башчы жалпы кубаттуулугу 140 мегаватт болгон 10дон ашык ГЭСти ишке киргизүү пландалганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда Көгарт чакан ГЭСи ишке берилип, ачылышына президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
ГЭСтин курулушу былтыр августта башталган. Гидроагрегаттын кубаттуулугу 6,8 мегаватты түзүп, жылына болжол менен 25 миллион киловатт-саат энергия иштеп чыгарат. Ага Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана жеке инвестор тең жарымдан бөлүп, жалпы 7,8 миллион доллар инвестиция салганы белгиленди.
1 / 5

Жалал-Абад облусунда Көгарт чакан ГЭСи ишке берилип, ачылышына президент Садыр Жапаров катышты

2 / 5

ГЭСтин курулушу былтыр августта башталган

3 / 5

Гидроагрегаттын кубаттуулугу 6,8 мегаватты түзүп, жылына болжол менен 25 миллион киловатт-саат энергия иштеп чыгарат

4 / 5

Ага Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана жеке инвестор тең жарымдан бөлүп, жалпы 7,8 миллион доллар инвестиция салганы белгиленди

5 / 5

Жапаров ГЭС 10 миңден ашуун тургунду электр энергиясы менен камсыздай турганын белгилеп, алдыда жалпы кубаттуулугу 140 мегаватт болгон 10дон ашык ГЭС ишке киргизилерин убадалады

Жапаров ГЭС 10 миңден ашуун тургунду электр энергиясы менен камсыздай турганын белгилеп, алдыда жалпы кубаттуулугу 140 мегаватт болгон 10дон ашык ГЭС ишке киргизилерин убадалады.
Президент Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун да айтып, ага инвесторлор табылганын, суу байлыгын туура, үнөмдүү пайдалануу менен жакынкы келечекте өлкө өндүргөн электр энергиясын экспорттой турганын кошумчалады.
Эксперт: өлкө ичинде суу рыногун түзүп, анын өздүк баасын аныктап чыгуу зарыл