Бишкек — Чолпон-Ата жолундагы автотыгын, милициянын эскертүүсү. Видео

ЖКККББ айдоочуларды ылдамдыкты жогорулатпоого жана каршы тилкеге чыкпоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Ушул күндөрдө эс алуучулардын көптүгүнөн Бишкек — Чолпон-Ата трассасында автотыгын жаралып, жолдо жүрүү түйшүк жаратууда. Бул боюнча ЖКККББ видео жарыялады.
Автотыгындын жана жол кырсыктардын алдын алуу үчүн жол милициясы Балыкчыдан Бишкекке чейин көзөмөл жүргүзүүдө.
ЖКККББ айдоочуларды ылдамдыкты жогорулатпоого жана каршы тилкеге чыкпоого чакырып, эскертүү берүүдө.
Ысык-Көлгө кеткен жолдогу тыгын. Видео