Суусамырдагы алтыганадан жер семирткич, тоют даярдоо тапшырылды

Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Суусамыр өрөөнүнө жайылып өсүп кеткен алтыгананы сел коркунучу бар аймактарга жана уулуу калдыктар сакталган жайларга көчүрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
1 / 2

Суусамыр өрөөнүнө жайылып өсүп кеткен алтыгананы сел коркунучу бар аймактарга жана уулуу калдыктар сакталган жайларга көчүрүү чечими кабыл алынды

2 / 2

Тиешелүү мамлекеттик органдардын катышусунда жеринде жыйын өтүп, аталган маселе талкууланган. Анда министр Бакыт Төрөбаев алтыгананын айдоо аянттарына, жайыт жерлерге тарашына жол бербөөнү тапшырган

Тиешелүү мамлекеттик органдардын катышусунда жеринде жыйын өтүп, аталган маселе талкууланган. Анда министр Бакыт Төрөбаев алтыгананын айдоо аянттарына, жайыт жерлерге тарашына жол бербөөнү тапшырган.
"Бадалды сел коркунучу бар аймактар менен уулуу калдыктарды сактоочу жайларга көчүрүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды. Ошондой эле министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө алтыгана бадалын кайра иштетип, жер семирткич жана тоют чыгаруунун үстүндө иштөө тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Суусамыр өрөөнүндөгү 472 миң гектар жайыт жердин 800 гектарын акыркы жылдары алтыгана каптай баштаганы айтылып келет.
Радио
Мамытбеков: өлкөдө 1,6 миллион гектар жайытты отоо чөп басып кетти