Шашылыш билдирүү! Сел жүрүшү ыктымал

ӨКМ өлкөнүн айрым аймактарында күтүлүп жаткан жамгырдан улам бир катар коопсуздук эрежелерин сактоого чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, сел жүрүшү ыктымал экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, 23-июлдан 26-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жамгырдан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымал.
Министрлик төмөндөгү эрежелерди сактоого чакырды:
арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерден алыс экенине өзгөчө көңүл буруңуз;
сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
Бишкек мэри сел жүрүшү мүмкүн делген жерлерди текшерип чыкты. Видео