Жалал-Абадда Жапаров ишкерлерди ГЭС курууга чакырды

Президент өлкөдөгү энергетикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн артыкчылыктуу багыты ГЭСтерди куруу экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө Кайнама чакан ГЭСин ишке берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Токтогул районунда жайгашкан бул ГЭСтин курулушу былтыр ноябрда башталган. Кубаттуулугу 9,6 мегаватт болгон эки гидроагрегаты бар ГЭСтин салынышына 9,3 миллион доллар жумшалган. Бул каражаттын ичине Raiffeisen Landesbank Steiermark банкы жана Росия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы кирери белгиленди.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө Кайнама чакан ГЭСин ишке берди

2 / 5

Токтогул районунда жайгашкан бул ГЭСтин курулушу былтыр ноябрда башталган

3 / 5

Кубаттуулугу 9,6 мегаватт болгон эки гидроагрегаты бар ГЭСтин салынышына 9,3 миллион доллар жумшалган

4 / 5

Бул каражаттын ичине Raiffeisen Landesbank Steiermark банкы жана Росия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы кирери белгиленди

5 / 5

Станция жылына 39,2 миллион киловатт-саат иштеп чыгып, ал Үч-Терек айыл өкмөтүн жана Кара-Көл шаарынын бир бөлүгүн камсыздоого жетет

Станция жылына 39,2 миллион киловатт-саат иштеп чыгып, ал Үч-Терек айыл өкмөтүн жана Кара-Көл шаарынын бир бөлүгүн камсыздоого жетет.
"Президент өлкөдөгү энергетикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн артыкчылыктуу багыты ГЭСтерди куруу экенин айтты. Бул контекстте мамлекет башчы Жапаров бизнесмендерди жана инвесторлорду бул демилгени колдоого жана бул тармактагы долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды", — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, өлкө башчы бүгүн Көгарт чакан ГЭСинин ачылышына катышып, алдыда жалпы кубаттуулугу 140 мегаватт болгон 10дон ашык чакан ГЭС ишке киргизилерин убадалаган.
Орто-Токой суу сактагычында кичи ГЭСтин курулушу башталды