Ак-Бууранын жээгиндеги курулуштарга уруксат берген аткаминерлер жазаланат

Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар боюнча аткаминерлерге кылмыш иши козголгону кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Ак-Бууранын жээгиндеги адам өтчү 10 көпүрө жана соода түйүндөрдүн уруксат документтери жок экени аныкталды. Бул тууралуу Ош шаарынын прокуратурасынан билдиришти.
1 / 6

Ак-Бууранын жээгиндеги адам өтчү 10 көпүрө жана соода түйүндөрдүн уруксат документтери жок экени аныкталды

2 / 6

Маалыматка ылайык, бир катар мамлекеттик органдардын кызмат адамдары өз милдеттерин так аткарбагандыктан Кара-Суу жана Базар көчөлөрүнө көпүрө жана соода түйүндөрү салынып кеткен

3 / 6

Ош шаарындагы бир катар маморгандардын кызмат адамдары Кара-Суу жана Базар көчөлөрүндөгү Ак-Буура дарыясынын суу коргоо аймагында жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды буздурбастан өздөрүнө же болбосо башка адамдар үчүн кандайдыр бир пайда көрүүнү көздөшкөн

4 / 6

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө

5 / 6

Эске салсак, 14-июлда нөшөрлөгөн жамгырдан улам Ак-Буура суусу ташып Ош шаарын каптаган

6 / 6

Селден турак жайлар, социалдык инфраструктура, базар жабыркаган. Тилекке каршы, апаат беш адамдын өмүрүн алды

Маалыматка ылайык, бир катар мамлекеттик органдардын кызмат адамдары өз милдеттерин так аткарбагандыктан Кара-Суу жана Базар көчөлөрүнө көпүрө жана соода түйүндөрү салынып кеткен.
"Ош шаарындагы бир катар маморгандардын кызмат адамдары Кара-Суу жана Базар көчөлөрүндөгү Ак-Буура дарыясынын суу коргоо аймагында жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды буздурбастан өздөрүнө же болбосо башка адамдар үчүн кандайдыр бир пайда көрүүнү көздөшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, 14-июлда нөшөрлөгөн жамгырдан улам Ак-Буура суусу ташып Ош шаарын каптаган. Селден турак жайлар, социалдык инфраструктура, базар жабыркаган. Тилекке каршы, апаат беш адамдын өмүрүн алды.
Ош шаарындагы борбордук базар эки айдан кийин көчүрүлмөй болду