Нарын шаары: коомдук жайларда акысыз интернет тараткан 20 түйүн орнотулат

Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Нарын шаарында коомдук жайларда акысыз интернет берилет. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал үчүн "Смарт-Нарын — 24" долбоорунун алкагында 20 жерге акысыз Wi-Fi таратуучу түйүн орнотулат.
"Долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду. Анын август айынын ичинде ишке киргизилери күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарды дрон менен көзөмөлдөй башташты