Ташиев Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы боюнча комментарий берди

УКМК төрагасы "Акыл инвест банк", 1,5 гектар жери менен Бишкек арак заводу, Чолпон-Атада 18 гектар жер мыйзамсыз менчиктелип кеткенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "7-каналга" берген маегинде Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы тууралуу комментарий берди.
Буга чейин парламенттин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун эки кызы кармалганы белгилүү болгон. Алар акчаны адалдоого шектелип жатканы кабарланган.
Ташиевдин айтымында, алар (Турсунбековдор) Максим Бакиевге тиешелүү "Акыл инвест банкты", Бишкек арак заводун 1,5 гектарга жакын жери менен жана Чолпон-Атадагы 18 гектар жерди мыйзамсыз алышкан.
"Булар 2010-жылы Максим Бакиевге тиешелүү "Акыл инвест банкты" рейдерлик жол менен тартып алышкан. Чыныбай Турсунбеков аялы Нуржан Тентимишовага каттатып, атын "Капитал банк" деп өзгөртүшкөн. Ошондон бери "Капитал банк" болуп иштеп келе жатат. Мындан сырткары, илгерки Бишкек арак заводун 1,5 гектарга жакын жери менен кошо мыйзамсыз менчиктештирип алышкан. Аны болсо бир тууган кайнисине каттатып алган. Дагы бир иш — Чолпон-Ата шаарында 18 гектар жерди дагы мыйзамсыз алып, "Акун" пансионатын салып алышкан", — деген Ташиев.
УКМК төрагасы булардын баары анын жеке чөнтөгүнө эмес, мамлекетке кайтарылып жатканын белгилеген. Айтымында, кайтарылган жерлерге МИК боюнча турак жайлар курулса мүлктүн баары сатылып, акчасы ошол курулушка пайдаланылат.
Ошондой эле ал бул үй-бүлөнүн ун комбинаты, кафелери, үй мүлкү жана башка мыйзамдуу мүлктөрүнө тийбей турганын кошумчалаган.
УКМК Камчыбек Ташиевдин бажасы эмне себептен кармалганын тактады