Кыргызстан ЕАЭБге 18,8 миллион доллар инвестиция салган

Евразия экономикалык комиссиясы интеграциялык бирикмедеги өз ара инвестициялардын статистикасын даярдады.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Былтыр Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө 18,8 миллион доллар инвестиция салган. Ошол эле учурда биздин өлкө интеграциялык бирикмеден 169,3 миллион доллар алган. Бул тууралуу ЕЭКтен кабарлашты.
Кыргызстан салган инвестиция:
Казакстанга — 18,4 миллион (мындан ары доллар менен);
Беларуска — 0,4 миллион.
Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген инвестиция:
Россиядан — 107 миллион
Казакстандан — 59,5 миллион;
Беларустан — 2,7 миллион;
Армениядан — 0,1 миллион.
Кыргызстандын фонддук биржасы соода көлөмүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде лидер болду