Бишкекте ири көлөмдө жасалма доллар сатууга аракет кылган киши кармалды. Видео

Түркиядан жасалма доллар алып келип сатууга жана террордук уюмдун идеологиясын жайылтууга аракет кылган адам кармалганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкекте ири көлөмдөгү жасалма долларды сатууга аракет кылган "Ислам мамлекети" (ИМ) эл аралык террордук уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Белгилүү болгондой, аталган кылмышка шектелген О.Б.Н. мурда Россияда каракчылык үчүн соттолгон.
"Жасалма доллар радикал исламчылар тарабынан чет өлкөдөгү террористтик ишмердүүлүктү легалдаштыруу жана каржылоо максатында Түркиядан ташып келинген. Мындан тышкары, кармалган жаран мессенджерлер аркылуу ИМдин идеологиясын жайылткандыгы аныкталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, кылмышка тиешеси барларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
УКМК 1,8 млрд. сомдук кенди мамлекетке кайтаруу боюнча иш жүргүзүүдө