Бомба тууралуу кабардан улам Чүй облусундагы бардык соттор эвакуацияланды

Окуя болгон жерге саперлор барып, бардык имараттарды текшеришти.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бүгүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына бардык облустук соттун имараттарына алыстан башкарылуучу жардыргыч заттар коюлганы жана алар 24 сааттын ичинде жардырылары тууралуу электрондук кат келип түшкөн.
Сот имараттары курчоого алынып, бардык адамдар эвакуацияланган.
"Милиция менен УКМК кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү. Окуя болгон жерде сапёрлор тобу иштеп, бирок маалымат тастыкталган эмес. Учурда Чүй облусунун соттору штаттык режимде иштеп жатат", — деди Чүй ОИИББ
Мекеме мындай жалган маалымат үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонуларын эскертти.
"Манас" аба майданында жардыргыч коюлганы тастыкталган жок