БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. 1944-жылдын 22-июлунда Бреттон-Вудс конференциясынан кийин 44 өлкө долларды алтынга байлап, дүйнөлүк резервдик валюта болот деген чечимге келишкен.
Бул инновация бүткүл дүйнөгө финансылык туруктуулукту алып келиши керек болчу. Бирок иш жүзүндө АКШны валюталык гегемонго айлантты.
Система 1971-жылы эле кыйрай баштаган. Келишимде баалуу металл камтылганы менен АКШ өз доллары үчүн алтын берүүдөн баш тартып койгон. Андан кийин эч нерсе менен камсыздалбаган долларлар чексиз көлөмдө басыла баштаган.
Азыр дүйнө жүзүндө АКШнын финансы министри Жанет Йеллен абдан корккон доллардан баш тартуу процесси активдүү жүрүп жатат.
Буга бир нече себеп бар:
"Доллар — бул курал" деген тынчсыздануу Түштүктөгү өлкөлөрдү альтернатива табуу үчүн күчүн бириктирүүгө мажбур кылууда.
Россия менен Кытай өз ара төлөмдөрдүн 90%дан ашыгын улуттук валютасында жүргүзүп жатат.
АКШнын мамлекеттик карызы 35 триллион долларга жетип, инвесторлордун тынчсыздануусун жаратты.
2019-жылы Сауд Арабиясы бийликке ОПЕКтин мүчөлөрүнө каршы антимонополдук доо арыздарды берүүгө уруксат берген мыйзам долбоору кабыл алынса, АКШга мунай затын доллар менен сатпай турганын айтып коркуткан.