Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакты тапшыра албагандар көбөйүп жатат. Арасында 32 жолу катары менен экзаменден кулагандар бар. Бул тууралуу Бактыбек Жунусов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бүтүрүүчүлөрү сынакты кандай тапшырып жатканына жараша автомектептердин атайын рейтинги түзүлгөн.
"Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынактан кулагандар көп. Буга чейин экзаменди кайра-кайра, 28 жолу тапшырган киши тууралуу айтсам, ал 28-аракетинде тапшырып кеткен. Учурдагы рекорддук көрсөткүч башка адамга таандык, бир жаран сынакка 32 жолу кирип, акыркысында да кулап калды. Сынак тапшырган талапкерлердин жыйынтыгына жараша автомектептердин рейтинги түзүлөт. Бул аталган жайлардын деңгээлин көрсөтөт. Эгер кайсы бир автомектептин бүтүрүүчүлөрүнүн 50 пайызынан көбү сынакты ийгиликтүү тапшырса, ал мыктылардын катарына кирет. Ал эми бүтүрүүчүлөрүнүн 30 пайызы гана ийгиликтүү тапшырса көрсөткүчү төмөндөрдүн катарын толуктайт. Өлкөдөгү автомектептердин деңгээли тууралуу кеп кылсак, жалпы жонунан "жакшы эмес" деп баа беребиз. Анткени рейтингде төмөнкү көрсөткүчтү "камсыздаган" автомектептер көп", — деди Жунусов.
Ошондой эле ал рейтингдин негизинде "мыкты" деп табылгандарга Мактоо баракчалары берилгенин, начарларына текшерүү уюштуруу пландалып жатканын кошумчалады.