23-июлга карата аба ырайы

23-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым учурларда 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. 23-июль, шейшембиде, көпчүлүк райондордо күн күркүрөп, өткүн өтөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас жергесинде +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +32...+37, Ысык-Көл облусунда +24...+29, Нарын аймагында +23...+28 градус болот.
Борбор калаада күндүн табы +33...+35, Ош шаарында +35...+37 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Чолпон-Атада +24...+26 градус болот.
Аптап 39 градуска чыгат. Кыргызстан боюнча 27-июлга чейинки аба ырайы